Эртең, 28-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулат. Анда премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсү күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу маселеси каралат.
Атыр Абдрахматова 16-октябрда БШКнын мүчөлүгүнөн кетүү тууралуу арыз жазган.