Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Кинотеатрлар кайрадан иштей баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 294 | 0

Казакстан Өкмөтүнө караштуу Мекемелер аралык комиссиянын чечимине ылайык, 26-октябрдан тарта эпидемиологиялык абалы «жашыл» аймактарда эгерде оору күч албаса, ишканалардын иштөөсүнө уруксат берилет.

«26-октябрдан тарта кинотеатрлар көрүүчүлөрү залдын 30 пайызын гана ээлеген шартта жана аралыкты, беткап режимин бекем сактап, ишин улантат», — деп билдирди Мекемелер аралык комиссия.

«Tengrinews.kz» билдиргендей, кинотеатрлардын биринчи күнү көрүүчүлөргө «Миллионго болгон сүйүү» улуттук комедиясы көрсөтүлөт. Мындан тышкары, Ники Каро режиссёрлук кылган «Мулан» драмасы жана Кристофер Ноландын «Аргумент» боевик киносу экранга чыгат.

26-октябрга карата Казакстанда 110,5 миңден ашуун адам коронавируска чалдыгып, 1825 бейтап көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM