Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан 150 жаранын автобус менен Орусиядан алып чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 367 | 0

25-октябрь, жекшембиге караган түнү Орусиянын Екатеринбург, Челябинск жана Тюмень шаарларындагы 150 өзбек жараны түшкөн 3 автобус Ташкентке жөнөп кетти.

Өзбекстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Абдусалом Хатамовдун айтымында, автобустарды чек арага чейин Орусиянын МАИ кызматкерлери коштоп келет.

Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, бардык санитардык эрежелерди, ошондой эле Орусиянын жана Казакстандын аймагында каттам өтүүчү карантиндик ченемдерди сактоо зарылдыгын эске алып, ар бир автобуска болгону 50дөн гана орун камдаган, жалпы 150 орун бар.

Екатеринбург — Ташкент каттамындагы автобустардын билет наркы ошол эле багытта учкан учактын билет наркынан 3 эсе арзан.

Copyright © 2017 Maral FM