Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө вирус жуктургандардын саны 42 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2020 | 497 | 0

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, COVID-19 илдетин жуктургандардын жалпы саны дүйнө жүзү боюнча 42 миллиондон ашты.

24-октябрга карата дүйнөнүн 189 мамлекетинде 42 миллион 212 миң адамдан вирус катталды. Вирустан каза болгондордун жалпы саны 1 миллион 144 миң 303 адамга жетти.

Коронавирус илдетин жуктургандардын жана каза тапкандардын санынын эң көп көрсөткүчү дагы деле АКШда катталууда ( 8,4 млн — жуктургандар, 223,9 — миң каза тапкандар). Экинчи орунда Индия ( 7,8 млн – жуктургандар, 117,9 миң — каза тапкандар) турат. Ал эми үчүнчү орунда Бразилия ( 5,3 млн жуктургандар, каза тапкандардын саны боюнча АКШдан кийин экинчи орунда) турат.

Буга байланыштуу бир катар Европа өлкөлөрү, вирустун жайылышын  алдын алуу максатында карантин чараларын кучөтүүдө.

Мисалга алсак, Португалияда милдетту түрдө көчөдө жана коомдук жайларда беткап тагынуу боюнча мыйзам кабыл алынды. Ошол эле учурда бир жумадан кийин ар кандай иш чараларды, тойлорду өткөрүүгө тыйуу салынат. Кошумчалай кетсек 2 – ноябрь Португалияда аза күтүү күнү деп белгиленди.

Ал эми Грецияда 24 – октябрдан баштап, вирус көп катталган аймактарда коменданттык саат киргизилди. Беткапты коомдук жайларда, эл көп топтолгон жабык имараттардын ичинде гана эмес, көчөдө да тагынуу милдеттендирилди.

Швецияда да COVID-19 илдетин жуктургандардын саны өсүүдө. Ошого карабастан жергиликтүү бийлик карантин чараларын күчөтүшкөн жок. Бийлик бул көрүнүштү, күчкө салуу методу бул маселени чечпейт деп эсептейт.

Copyright © 2017 Maral FM