Биз менен байланышыңыз

Коронавирус дагы 556 адамдан табылып, төртөө каза болду

Кыска кабар | 24 Окт 2020 | 482 | 0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 556 адамдан табылып, 4 адам каза болду. Ошентип жалпы вирус жуктургандардын саны 55 миң 144 кишиге жетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте — 149, Ош шаарында — 34, Чүй облусунда — 67, Ош облусунда — 75, Талас облусунда — 23, Нарын облусунда 4, Ысык-Көл облусунда — 35, Жалал-Абад облусунда — 83, Баткен облусунда — 86 адам жуктуруп алган.

Ошол эле учурда акыркы бир күндө 287 адам сакайып, жалпы  47 миң 337 адам айыкты.

Кыргызстанда жалпы коронавирустан 1 миң 130 жаран көз жумган. Бир күндө 4 өлүм катталды. Баткенде — 1, Бишкек шаарында – 1, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда – 1 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 300 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 871 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 10 дарыгер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 569 учур катталды, алардын ичинен 3 251 медкызматкер айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM