Биз менен байланышыңыз

«Депутаттардын милдетин аткаруу мөөнөтүн узартуусу — мыйзамдуу»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2020 | 497 | 0

Жогорку Кеңештин депуттарынын милдетин аткаруу мөөнөтүн узартуусуна мыйзам жол берет. Конституциянын 71-беренесинде ЖКнын мөөнөтү кийинки чакырылыштын депутаттары биринчи жайынга чогулган күнү бүтөрү айтылган. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө шайлоо системасы акчага таянып калган. Ал эми шайлоо — саясий атаандаштык.

«Шайлоого катышкан 16 партиянын ичинен саясий атаандаштыкты көргөн жокмун. Кимдин акчасы көп болсо, астыга чыгып, 1-2-3-орундарды бөлүп алышты. Азыр саясий идеология, саясий плаформаны чече турган мыйзамдар эч кимди кызыктарбайт. Чөнтөгүңдө акчаң канчалык көп болсо, жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгүң да ошончолук жогору болот», — дейт Бөрүбашев.

Ал мындан сырткары башкаруу системасы туура эмес түзүлүп калганын сынга алды. Ошондой эле өлкөдө экономикалык адилеттүүлүк жок экенин белгиледи.

«Акчаң болбосо, бийликке бара албайсың. Ошондуктан бул маселени кеңири карашыбыз керек. Эгерде чечсек жакшы болот», — дейт профессор.

Copyright © 2017 Maral FM