Биз менен байланышыңыз

«Шайлоо мөөнөтүнүн жылдырылуусу юридикалык жактан туура»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2020 | 461 | 0

Парламенттик жана президенттик шайлоонун мөөнөтүнүн жылдырылуусу — юридикалык жактан туура, мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Кечээ Конституциялык реформага баруу, президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун айрым ченемдерин токтотуп туруу боюнча талкуу болду. Мыйзамдын 38, 63-беренелерин токтотуп коюшту. ЖКнын мыйзамдарды токтотуп коюуга акысы бар», — деди Бөрүбашев.

Ал парламенттин Конституциялык ченемдерди өзгөртүүгө акысы жок экенин да кошумчалады.

Эске салсак, 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө» мыйзам долбоорун колдоп берди.

Добуш берүү ачык жүрүп, 83 депутат «макул», 1 депутат «каршы» добуш берди. Аталган мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM