23-октябрь эртең мененки саат 8:00гө алынган маалыматка ылайык, Бишкектин ооруканаларында жалпы 349 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн бош орундардын тизмеси:
-Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы — 5;
-Улуттук фтизиатрия борбору — 10;
-Улуттук хирургия борбору — 7;
-Улуттук госпиталь — 29;
-Улуттук кардиология жана терапия борбору — 29;
-№1 шаардык клиникалык оорукана — 7;
-Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 218;
-Темир жол ооруканасы — 1;
-Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 21;
-Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 6;
-№2 клиникалык төрөт үйү — 16.