Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Зулушевди эмгек жамаатына тааныштырды (сүрөт)

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 452 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 22-октябрда Башкы прокурор кызматына жаңы дайындалган Курманкул Зулушевди эмгек жамаатына тааныштырды.

Жапаров Курманкул Зулушевдин прокуратура жана сот системасындагы кесипкөйлүк тажрыйбасын белгилеп, эмгек жамаатынан жаңы жетекчиге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Башкы прокурор ага ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди жана ага берилген милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганына ишендирди.

Жогорку Кеңеш 21-октябрда Курманкул Зулушевдин талапкерлиги Башкы прокурор кызмат ордуна жактырган. Андан кийин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жарлык менен аны Башкы прокурор кызматына дайындаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM