Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 41 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 314 | 0

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандар 41 миллиондон ашты. Мындай маалыматты Жон Хопкинс университети берген.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 388 миң адам илдет жуктуруп алганы аныкталган. Кечээ, 21-октябрга карата алынган маалымат боюнча 440 миң жаңы жугузган бейтап аныкталып, рекорддук көрсөткүч катары катталган.

Учурда оору жугузгандардын санынын көптүгү боюнча АКШ (8,3 миллиондон ашык), Индия (7,6 миллион), Бразилия (5,2 миллион) жана Орусия (1,4 миллион) өлкөлөрү алдыңкы орунда турат. Ал эми илдеттен каза тапкандар эң көп АКШ (221000ден ашык), Бразилия (154000), Индия (115000) жана Мексика (86000) мамлекеттеринде катталган.

Коронавирус илдети менен учурда 189 өлкө күрөш жүргүзүүдө. Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун айынан 1,1 миллиондон ашык адам көз жумган. Буга чейин ДССУ расмий статистикага карабастан, жер шарынын калкынын 10 пайызы коронавирусту жуктурушу мүмкүн экенин билдирген.

Оорунун көбөйүшүнөн кийин айрым мамлекеттер чектөөлөрдү кайтадан киргизип жатышат. Маселен, Израиль толук карантинге кайтты. Кийинчерээк Чехия, Словения, Орусия, Италия, Улуу Британия, Бельгия, Франция айрым чектөөлөрдү киргизди.

Copyright © 2017 Maral FM