Биз менен байланышыңыз

Октябрдын аягында Стамбулдан Ашхабадга экспорттук каттам учат

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 342 | 0

«Turkmen.news» билдиргендей, 24-октябрда COVID-19 эпидемиясынын айынан Стамбулдан чыга албай жаткан Түркмөнстандын жарандары үчүн экспорттук каттам уюштурулат.

Ошондой эле, ушул айдын аягында Дубайдан Түркмөнстандын жарандары чыгарылып кетери кабарланды. Учуунун так датасы азырынча белгисиз.

Түркмөнстандын бийлиги август айынан бери экспорттук учууларды уюштуруп келет. Жүргүнчүлөр элчиликтер түзгөн тизмелер боюнча учакка отурушат. Айрым каттамдар алдын ала жарыяланбайт. Маселен, расмий маалымат каражаттары 24-сентябрда Стамбулдан учкан каттам Түркмөнабатка конгондон кийин гана жазып чыгышты. Ошол эле учурда каттамда кимдер болгону айтылган эмес.

Жакында «turkmen.news» Орусиядан экспорттук каттамдар үчүн билеттер кымбат сатылып жатканынан кабардар болду.

Copyright © 2017 Maral FM