Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда аралыктан иштөө мыйзамдаштырылат

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 325 | 0

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы жумушка орноштуруу мыйзамына өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулады. Ага ылайык, учурдагы мыйзамдын 1-беренесине «аралыктан иштөө» боюнча жаңы пункт киргизилет.

«Ал жумуш берүүчү менен жумушчунун мамилесин жөнгө салат», — деп билдирет «Азия-Плюс» басылмасы Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын өкүлү Мухаммадато Султановго шилтеме берүү менен.

Ошондой эле, учурдагы мыйзамдын 4-беренесин өркүндөтүү максатында мыйзам долбоорунун экинчи бөлүгүнө жаңы абзац кошулат.

Аралыктан иштегендердин ишинин өзгөчөлүктөрү Тажикстандын Эмгек кодекси менен аныкталат.

Бул өзгөртүүлөрдү төмөнкү палатанын депутаттары тажик парламентинин жакынкы сессиясында карашат.

Copyright © 2017 Maral FM