Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан коронавируска каршы күрөш үчүн 290 млн $ бөлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 251 | 0

2021-жылы Өзбекстан саламаттыкты сактоо тармагына 1,9 миллиард доллардан ашык каражат сарптайт. Анын ичинде 290 миллион долларга жакыны коронавируска каршы күрөшүү чараларына жана 174 миллион доллары дары-дармектерди сатып алуу үчүн жумшалат.

Бул тууралуу 19-октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы астында 2021-жылга карата мамлекеттик бюджеттин параметрлери талкууланган видео конференция учурунда айтылды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы келерки жылдын бюджетин пландаштырууда жүрүп жаткан пандемияны, дүйнөлүк экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүн эске алуу керектигин белгиледи.

Кийинки жылы биринчи жолу онкогематологияга болжол менен 8,6 миллион доллар бөлүнөрү белгиленди. Мындан тышкары, тамеки буюмдарына акциздик салыктан түшкөн каражаттын 7 пайызы гематологиялык-онкологиялык оорудан жана айыккыс оорулардан жапа чеккен адамдарды реабилитациялоо фондусуна которулат.

Ошондой эле, кийинки жылы биринчи жолу гемодиализге муктаж бейтаптарга медициналык кызмат көрсөтүүнү 100 пайызга жеткирүү үчүн 12,5 миллион доллар бөлүнөт.

Жолугушууда 2021-жылдагы пандемиянын шартында социалдык тармакка сарптоолорду үстүбүздөгү жылга салыштырмалуу кеминде 15 пайызга көбөйтүү пландаштырылып жатканы белгиленди. Атап айтканда, балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу деңгээлин 70 пайызга чейин, ал эми жеке сектордун бул жааттагы үлүшүн — 25 пайызга чейин көтөрүү пландаштырылууда.

Биринчи жолу мектептерди интернетке туташтыруу үчүн бюджеттен 9,6 миллион доллар, ошондой эле жабдууларга 19,2 миллион доллар бөлүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM