Абсаттар Сыргабаев Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. 19-октябрда жаңы жетекчи эмгек жамаатына тааныштырылды.
Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Барпы айыл аймагынын башчысы болуп иштеген. Ал «Мекенчил» партиясынан парламенттик шайлоодо талапкер болгон.
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп буга чейин Нурболот Мирзахмедов иштеди.
Жарасул Абдураимов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болду