Биз менен байланышыңыз

Жарасул Абдураимов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болду

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 416 | 0

Жарасул Абдураимов Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ош облусун буга чейин жетектеген Байыш Юсупов кызматынан алынды.

Жарасул Абдураимов кесиби боюнча экономист.

Ош облусун Байыш Юсуповго чейин Узарбек Жылкыбаев башкарып келген. Ал 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Республика» партиясынан талапкер катары катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM