Биз менен байланышыңыз

Монголия келечекте тирүү мал экспорттобойт 

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 422 | 0

Монголиянын Азык-түлүк, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министри З.Мандсайхан парламенттин сессиясында депутаттын суроосуна жооп берип жатып, өлкө келечекте тирүү мал экспорттобой турганын билдирди.

«Биз мындан ары тирүү жандыктарды экспорттобойбуз.  Келечекте эт экспорттоого жана өндүрүүгө басым жасайбыз. Быйыл 57 миң тонна эт үчүн квота толугу менен бекитилди», — деди ал.

Министр кошумчалагандай, быйыл 97 миң тоннага жакын эт экспорттоо пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM