Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн кезектеги интервенцияны жасады. Банктын сайтындагы маалыматка таянсак, 15-октябрь күнү валюта рыногуна 17 млн 100 миң доллар сатылды.
Муну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна он төртүнчү ирет интервенция жасады.
Кыргызстанда ушул күндөрү доллардын куну өсүп, 1 доллар 82 сомго чукулдады.
Учурда сатып алуу 80,9-81,5 сомду түзсө, сатуу 81,8-81,9 сомду түздү. АКШ долларынын номиналдык курсу 80 сом 70 тыйын деп белгиленди. Эки күн ичинде мурункудан 1,28 %га, тактап айтканда, дээрлик 2 сомго кымбаттады.
Белгилей кетсек, доллардын куну акыркы эки күндөн бери өсүп жатат. Улуттук банк муну өлкөдөгү саясий кырдаалга жана эл аралык төлөмдөрдүн жандануусуна байланыштырууда.