Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Президенттин кызматтан кетиши бүгүн чечилет

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 2259 | 0

Өкмөт башчы Садыр Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында журналисттер үчүн алгачкы расмий маалымат жыйынын курду. Анда президенттин кызматтан кетем деп айтканы тууралуу көбүрөөк суроо болду.

Жапаровдун айтымында, президенттин өз арызы менен кызматтан кетүү же кетпөө маселеси бүгүн чечилет.

«Мен бүгүн президентке жолугам, ошол маселенин аягына бүгүн чыгышыбыз керек. Президенттин отставкасын эл талап кылды. Жээнбеков керек болсо, кызматтан кетерин айтты. Биз элге чыгып: «Ал кетмей болду, тараңыздар», — деп кетиргенбиз. Андан бери 10 күн өттү. Эми президент кандай чечим кабыл алат, аны өзү билет», — деди Садыр Жапаров.

Президент: Өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, кызматтан кетүүгө даярмын

Copyright © 2017 Maral FM