Биз менен байланышыңыз

Орусия: COVID-19 тумоосуна чалдыккандардын 1,5%ы өлүм алдында жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 405 | 0

Орусияда коронавируска чалдыгып, ооруканага жаткырылган бейтаптардын 11 %ынын абалы оор, 1,5 %ы өлүм алдында жатат. Бул маалыматты Орусиянын Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашконун билдирүүсүнө таянып, «Интерфакс» агенттиги жазды.

Министрдин айтымында, бейтаптардын дээрлик 66 %ы амбулатордук жардам алышууда. Ооруканага түшкөндөрдүн 20 %ы жеңил түрүнө, 68 %ы орто түрүнө, дээрлик 11 %ы оор түрүнө чалдыккандар, ал эми 1,5 %га жакыны өлүм алдында жатат. Жасалма дем алдыруу бөлүмүндө 2356 адам бар.

Белгилей кетсек, Орусияда башталыш жумаларда 100 миңден 41 бейтап катталып турса, бир жума ичинде ооруга чалдыккандар 100 миңден 52-53кө чейин көбөйгөн. Учурда коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн 176 миң койка жайгаштырылган. Бул июн айынан 9 миң орунга азыраак, тактап айтканда июнь айында 185 миң койка жайгаштырылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM