Биз менен байланышыңыз

Чет элдик президенттер Эмомали Рахмонду шайлоодогу жеңиши менен куттуктоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 402 | 0

Тажикстандын президентинин кызмат ордуна кайрадан шайлангандыгына байланыштуу Эмомали Рахмонго чет өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларынан, ар кандай эл аралык жана аймактык уюмдардын жетекчилеринен, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмерлерден куттуктоолор келип түшүүдө. Бул тууралуу республиканын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден, Ирандын президенти Хасан Рухани, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Шанхай Кызматташтык Уюмунун баш катчысы Владимир Норов куттуктоо жолдошуп, жеңиши менен куттукташкан.

Тажикстанда президенттик шайлоо 11-октябрда өттү. БШКнын маалыматы боюнча, учурдагы мамлекет башчысы Эмомали Рахмон шайлоочулардын 90 %дан ашуун добушун жеңип алды.

Copyright © 2017 Maral FM