Биз менен байланышыңыз

Орусияда акыркы суткада коронавирус жугузган 13 592 бейтап катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 371 | 0

12-октябрга карата Орусияда бир суткада 13 592 адам COVID-19 илдетин жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.

Орусия Федерациясында коронавирус илдетин жуктургандар сентябрь айында кайрадан көбөйгөн. Ал эми октябрь айынын башында бейтаптардын саны күнүнө 5 миңден 10 миңге чейин каттала баштаган. Пандемия башталгандан берки суткалык эң жогорку көрсөткүч 13 634 адамды түзгөн. Бүгүнкү күндө вирус жугузган 1 млн 312 миң 310 бейтап катталган.

Акыркы суткада илдетке чалдыккандардын эң көбү (100дөн жогору) Москва шаарында — 4395, Санкт-Петербург шаарында — 538, Москва облусунда — 440, Ростов облусунда — 274, Нижнегородск облусунда — 271, Архангельск облусунда — 242, Свердлов облусунда — 218, Ханты-Мантийск автономиялуу аймагында — 208, Воронеж облусунда — 204, Кемерово облусунда — 178, Красноярск крайында — 174 , Алтай жана Забайкалда — 169, мындан тышкары, 100дөн төмөнкү көрсөткүчтөрдү кошуп эсептегенде жалпы 84 аймакта катталды.

Өлкө боюнча бир суткада 125 адам көз жумса, пандемия башталгандан берки жалпы саны 22  722ге жетти.

COVID-19 оорусунан айыккан бейтаптардын жалпы саны 1 024 235  түзүп, анын ичинен акыркы 24 саат ичинде 3 793 адам айыккан.

Copyright © 2017 Maral FM