Биз менен байланышыңыз

Дагы 306 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпы 49 миң 230 учур

Кыска кабар | 11 Окт 2020 | 444 | 0

Кыргызстанда 11-октябрь саат 11:00гө карата коронавирустун жаңы 306 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 49 миң 230 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар: Бишкек — 53, Ош — 54, Чүй облусу – 20,Ош облусу — 52, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 9, Ысык-Көл облусу – 12, Жалал-Абад облусу – 63, Баткен облусу — 41.

Ошол эле учурда сутка ичинде 168 адам коронавирустан айыгып, сакайгандардын жалпы саны 44 миң 395 адамга жетти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 24, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда — 10, Ош облусунда – 35, Нарын облусунда — 5, Талас облусунда 7, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 44, Баткен облусунда – 24 бейтап коронавирустан айыкты.

Мындан сырткары, бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Алар: Ош шаарында – 6, Баткен облусунда – 4, Ош облусунда – 8 жана Жалал-Абад облусунда – 4 дарыгер ооруп калган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 415 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 85 медкызматкер айыгып чыкты.

 

Copyright © 2017 Maral FM