Биз менен байланышыңыз

Трамп вирус жуктургандан кийин биринчи жолу тарапташтары менен жолукту

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Окт 2020 | 546 | 0

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп коронавируска каршы дарылангандан кийин биринчи жолу өз тарапташтары менен Ак үйдүн балконунан туруп сүйлөштү.

— «Биз өлкөбүздүн социалисттик жолго түшүшүнө жол бербейбиз«, — деди америкалык лидер 10-октябрда Ак үйдүн балконунан.

Мамлекет башчысы үгүт иштерине катыша тургандыгын жана Флоридада 12-октябрда сөз сүйлөөгө ниеттенип жаткандыгын кошумчалады.

Ушул сыяктуу иш-чаралар жакынкы күндөрү Пенсильвания жана Айова штаттарында дагы пландаштырылууда. Президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген.

20 мүнөттүк сүйлөө сөзүндө Трамп беткабын чечип, өзүн аябай жакшы сезип жаткандыгын айтып, Америка коронавирусту жеңип чыгат деп ишендирди.

Американын лидеринин жана анын жубайы Мелания Трамптын коронавируска кабылганы 2-октябрга караган түнү белгилүү болгон. Президент Уолтер Рид атындагы Улуттук аскердик медициналык борборго жайгаштырылып, 5-октябрда кайрадан Ак үйгө чыгарылган. Дарыгер 8-октябрда Трампка коомдук иш-чараларга катышууга уруксат берген. Көп өтпөй дарыгери мамлекет башчысынын вирусту башкаларга жугузуу коркунучу жок экендигин айтты.

Дүйнө жүзүн каптаган коронавирустун бештен бир бөлүгү АКШга туура келет. Анда вирус жуктургандардын жалпы саны  7,9 миллиондон ашты.

Copyright © 2017 Maral FM