Биз менен байланышыңыз

Трамптын дарылануусунун баасы айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 320 | 0

АКШнын президенти Дональд Трампты коронавирустан дарылоого 100 миң доллардан ашык акча сарпталган. Бул тууралуу «New York Times» гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Трамп ооруканада үч күн жаткан. Аны тик учак менен таштап кетишкен.

«Ал көптөгөн коронавирустук анализдерден өттү. Кычкылтек, стероиддер жана антитело боюнча эксперименталдык терапия алган. Президентти дарылоого 100 миң доллардан ашык акча сарпталды. Катардагы карапайым жарандарга да ушунча суммадан сарпталып жатат», — деп билдирди «New York Times» гезити.

Басылма буга кошумча ооруканага тик учак менен барып келүүгө 40 миң доллар кетиши мүмкүн экенин белгилейт.

Трамп ооруканада үч күн жатып, 5-октябрда бейтапканадан чыгарылды.

Дарыгерлер шаршемби күнү андан коронавирустун белгилери байкалбай калгандыгын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM