Биз менен байланышыңыз

АКШ: Ак үйдөгү кызматкерлердин арасында коронавирус тездик менен жайылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 469 | 0

АКШ Ак үйүндөгү кызматкерлердин арасында коронавирус тездик менен жайылууда. Бүгүнкү күндө АКШ мамлекеттик администрациясынын жогорку даражалуу кызматкерлери жана алар менен байланышта болгондордун арасында 34 учур катталды.

«AVS» телеканалы Федералдык чукул кырдаалды башкаруу агенттигинин (FEMA) ички документине таянуу менен илдетке чалдыккандардын арасында АКШнын президенти Дональд Трамп, анын жубайы Мелания, басма сөз катчысы, үгүт өнөктүгүнүн директору, жардамчылары Хоуп Хикс жана Стивен Миллер бар экендигин билдирди.

Телеканал билдиргендей, жаңы маалыматтар мамлекеттик кызматкерлердин Ак үйдөгү кризисти жана коронавирустун жайылышын жашырууга аракет кылып жаткандыгын көрсөтүүдө.

Трампка коронавирус диагнозу 2-октябрда коюлуп, 3 күн ооруканада дарыланган. Учурда кызматына кайра чыгып баштады.

Copyright © 2017 Maral FM