Биз менен байланышыңыз

Цирктеги «такты талаш» митингге чейин жетти

Билим-маданият | 21 Янв 2019 | 882 | 0

Цирктин артисттери Ак үйдүн алдына өзгөчө митингге чыгышты. Көп убакыттан бери жетекчиликке эч ким дайындалбай жатканына нааразы болгон чыгармачыл жамаат өздөрү тараптан көрсөтүлүп жаткан талапкерди министрлик колдобой турганын айтып, үнүн жогорку жактарга жеткирүү максатында өнөрүн ачык асманда көрсөтүү менен бирге талаптарын аыйтышты.

Жыргаганыбыздан күндүн суугунда бул жерге чыккан жокпуз. Көрүп турганыңардай балдар формачан жүрүшөт.Биздин үнүбүздү угушса дейбиз.

Чыгармачыл топтун жетекчиси Бегалы Мурзалиев өмүрүн циркке арнагандардан. Азыркы тапта аны менен кошо бир топ кызматкер Аида Акматованы цирктин жетекчилигине көрсөтүп жатышат. Алардын айтымында, Аида Акматова — татыктуу талапкер.

Чыгармачыл жамаат өзүбүздүн арабыздан чыккан жаш артистти көрсөтүп жатат. Ак үйдүн алдына митингге чыгуу максат эмес эле. Бул айла жоктун иши. Татыктуу талапкер дайындалса дейбиз.

Мыйзам боюнча жетекчиликке келе турган киши башкаруучулук жаатында 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы болуш керек. Өзүнүн багытында кесипкөй, жогорку билимдүү болуусу зарыл. Бирок азыркы учурда чыгармачыл топ цирк тармагынан алыс киши келип, мурдагы жетекчинин кемчилигин кайталайт деп кооптонушууда. Бул туурасында КРнын Эл артисти Манат Эшимбеков айтты.

-Булар өздөрүнүн кишисин койгусу келип жатат. Анткени цирктин финансы жагында ар кандай жолдор бар. Ошого ээ болгусу келип жатышат. Эгер мурдагыдай ишин билбеген киши келсе, анда такыр эле жок болот. Муну тажрыйба көрсөттү. Аида бул багытта бала чагынан бери жүрөт. Баарын билет.

Министрликтин билдиришинче, жетекчини дайындоо маселеси ар бир талапкерди карап чыгууга байланыштуу кечигип жатат. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, учурда 3 талапкер бар. Аида Акматова, Фархад Бекмамбетов жана цирктин артисти Светлана Аширова талапкерлигин көрсөтүшкөн. Талапкердин бири Светлана Аширова: «Аида Акматова келсе көйгөйдүн баары чечилет дегенден алысмын»,- дейт. Анын пикиринде жетекчиликке көрсөтүүдө көбүрөөк жеке кызыкчылык бар.

Жамааттын жарымы Аиданы колдоп жатышат. Ал келсе бардык көйгө чечилет деп ойлоп жатышат. Бирок мен андай ойдо эмесмин. Бизде чоң артисттер бар. Алар аны колдогон жок. Анын үстүнө менин угушумча, мында жеке кызыкчылык бар. Анткени Аида Акматованын ата-энеси цирктин бюджетине 200 миң сом өлчөмүндө карызы бар экен. Эгер жетекчи болсо аны жабууга мүмкүнчүлүк бар деген сөздөрдү уктум. Азыр бул ишти прокуратура иликтеп жатат.

Ал эми министрлик жогоруда аты аталган талапкерлерди карап чыгууга бир жума убакыт алды. Артисттер менен болгон жолугушууда ушул жуманын аягына чейин бир талапкер дайындала тургандыгын министр Азамат Жаманкулов айтты.

Азыркы тапта 3 талапкердин материалы турат. Үчөөнүн резюмесин карап, чечим чыгарабыз. Талаптар белгилүү. Ошол талапка туура келген киши тандалат. Ушул жуманын аягына чейин чечим чыгат.

Кошумчалай кетсек, Ак үй алдына өзгөчө ыкма менен чыккан цирктин чыгармачыл жамааты алар сунуштаган талапкерден башка бирөө жетекчи дайындала турган болсо, арызын жазып жумуштан кете тургандарын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM