Биз менен байланышыңыз

Ак үйдүн ак иштөөсүнө тосмолор тоскоол болдубу?

Саясат | 6 Ноя 2020 | 600 | 0

Бүгүн, 6-ноябрда Ак үй имаратынын айланасындагы тосмолор алынды. 4-ноябрда депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланганда, бийлик менен элдин жакын болуусун камсыздоо, калк менен бийликтин ортосундагы ачык-айкындуулукту сактоо максатында Ак үйдү айланта курчалган тосмону алып салууну сунуштаган.

Анын айтымында, тосмо Ак үйдү сактап калган жок, сактабайт дагы. Бирок, тосмонун 7-апрелде каза болгон баатырлардын ысымдары жазылган бөлүгү тарых үчүн алынбайт.

«Ак үйдүн түштүк тарабындагы 7-апрелде каза болгон баатырлардын ысымдары жазылган тосмолор алынбайт. Себеби, апрель окуясы да — Кыргызстандын тарыхы. Ошондуктан бул бурчту калтырып коюуну сунуш кылдык. Менин оюмча, тарыхый учурлар калыш керек».

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев идея президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго таандык экенин айтып, символикалуу көрүнүш катары баалады. Ал эми тосмолор Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «жиберген каттын» негизинде алынууда.

Түлөбаев билдиргендей, алынган тосмолор кампага коюлуп, алар эмнеге пайдаланылары кийин чечилет. Имараттын тегерегин көрктөндүрүү боюнча алдыда иштер башталат.

«Кечээ мага парламенттин төрагасы Талант Мамытов тарабынан кат түштү. Катта ал киши: «Дубалды алып бергиле жана айланасын көрктөндүрүп, жашылдандырып бергиле», — деп жазды. Бул тосмо ошол каттын негизинде алынып жатат. Имараттын өзү Жогорку Кеңешке карайт, имараттан 5 метр бери жагы мэрияга тиешелүү. Дубалды «Тазалык» кызматынын кызматкерлери алып жаткандыктан, эч кандай акча кеткен жок. Тосмолор башка мамлекеттик түзүмдөргө колдонулганга чейин кампада сакталат. Ак үйдүн имаратынын айланасы мындан ары мэриянын карамагына өтөт».

Жогорку Кеңештин административдик имаратын курчап турган темир тосмо туңгуч президент Аскар Акаевдин тушунда 1996-жылдардын башында тургузулган. Ак үйдүн жер төлөсүндө Жарандык коргоо обьектиси жайгашкандыктан, аны коргоо максатында ошол кездеги Өкмөт башчы Апас Жумагуловдун чечими чыгып, Ак үй курчалганын ошол кездеги Өзгөчө кырдаалдар министри Мамбетжунус Абылов маалымдады.

Анын айтымында, тосмолорду алуу үчүн биринчи кезекте Өкмөттүн чечими жокко чыгарылышы керек. Бирок ага спикердин укугу жок.

«Бул тосмо 1996-жылы мен Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда курулган. Себеби Ак үйдүн астында жарандык коргоонун объектиси бар, ал мамлекеттин ишин үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн керек: капыстан бир окуя болуп кетсе, жер төлөгө түшүп алып иштей беришет. Корголуучу стратегиялык объект болгондуктан, өкмөттүн чечими туура болгон. Бул Абыловдун же башканын каалоосу менен орнотулган эмес». 

Copyright © 2017 Maral FM