Биз менен байланышыңыз

АКШнын мамлекеттик карызы 27 трлн доллардан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 485 | 0

«CBS» телеканалы АКШ Каржы министрлигинин документтерин талдап, 1-октябрга карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 27 триллион доллардан ашканын аныктады. Дональд Трамп президент болуп турганда береселер 7 триллион долларга чейин өскөн.

Телеканалдын маалыматына ылайык, АКШнын мамлекеттик карызы пандемиядан кийин экономиканы жандандыруу үчүн көрүлгөн чаралардын аркасында өсө берет. Бүгүнкү күнгө чейин АКШ администрациясы экономиканы калыбына келтирүү үчүн 6 триллион доллардан ашуун каражат бөлгөн.

2016-жылдагы шайлоо өнөктүгүндө Трамп АКШнын мамлекеттик карыз көйгөйүн чечүүнү убада кылган.

Мурунку президент Барак Обаманын тушунда АКШнын мамлекеттик карызы 9 триллион доллардан ашык суммага  көбөйүп, 20 триллион долларга жеткен.

Быйыл АКШнын ички дүң өндүрүмү 22 триллион долларга жетиши күтүлүүдө. АКШ Конгрессинин бюджеттик бюросу өлкөнүн мамлекеттик карызы быйыл ИДӨгө барабар болот деген бүтүмгө келген. Бирок 2019-жылы мамлекеттик карыз ИДӨнүн 79 пайызын, ал эми 2007-жылы 35 пайызды түзгөн.

Бюджеттик бюро АКШнын мамлекеттик карызы 2021-жылга чейин улуттук ИДӨдөн ашып, 2023-жылга чейин 107 пайызга жетиши мүмкүн экенин эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM