Биз менен байланышыңыз

Шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялар митингге чыгат

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 693 | 0

Бүгүн, 5-октябрда «Ата Мекен», «Республика» партияларынын талапкерлери нараазылык акциясына чыгат. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришүүдө.

Митинг Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында күндүзгү саат 14.00дө өтөт.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы: Парламентке 4 партия өттү

4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп, анда бийликчил аталган 3 партия жана оппозициялык  бир партия акыркы орун менен 7 пайыздык босогодон өткөн.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразылык билдирген «Социал-демократтар», «Чоң-Казат» партиялары 4-октябрь күнү кечинде БШКнын имаратынын алдына чогулушкан.

Жанар Акаев: Оппозициялык блок түзөбүз

Социалдык тармактарда да шайлоонун жыйынтыгы боюнча жапырт түрдө нааразылык билдиришүүдө.

Шайлоонун жыйынтыгы: социалдык тармактагы нааразычылыктар

Copyright © 2017 Maral FM