Бүгүн, 5-октябрда «Ата Мекен», «Республика» партияларынын талапкерлери нараазылык акциясына чыгат. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришүүдө.
Митинг Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында күндүзгү саат 14.00дө өтөт.
4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп, анда бийликчил аталган 3 партия жана оппозициялык бир партия акыркы орун менен 7 пайыздык босогодон өткөн.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразылык билдирген «Социал-демократтар», «Чоң-Казат» партиялары 4-октябрь күнү кечинде БШКнын имаратынын алдына чогулушкан.
Социалдык тармактарда да шайлоонун жыйынтыгы боюнча жапырт түрдө нааразылык билдиришүүдө.