Биз менен байланышыңыз

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы: Парламентке 4 партия өттү

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 3870 | 0

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыгарылды. Тагыраагы 23.20га карата эсептөөлөр айтылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, бюллетендерди кол менен саноонун да жыйынтыктары чыгарыла баштады. Учурда автоматтык эсептөөнүн жыйынтыктары да келүүдө.

Бүгүн добуш берүүгө 1 млн 970 миң 313 адам катышты. Жарактуу бюллетендердин саны — 1 млн 938 миң 454. БШКнын маалыматы боюнча, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы дээрлик 98% белгилүү болду.

  • «Биримдик» — 24,53 пайыз;
  • «Мекеним Кыргызстан» — 23,90%;
  • «Кыргызстан» — 8,74%;
  • «Бүтүн Кыргызстан» 7,09%. Бул партиялар жети пайыздык босогодон өттү.
  • «Бир-Бол» — 3,03%;
  • «Замандаш» — 2,15%;
  • «Мекеним Ынтымагы» — 0,63%;
  • «Ордо» — 0,22%;
  • «Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» — 0,17%;
  • «Республика» — 5,81%;
  • «Реформа» — 1,63%;
  • «Социал-Демократтар» — 2,12%;
  • «Чоң Казат» — 2,33%;
  • «Ыйман Нуру» — 3,35%;
  • “Ата-Мекен” — 4,04%;
  • «Мекенчил» — 6,85%;
  • Баарына каршы — 1,8%.

Шайлоодо өлкө боюнча 2430, чет мамлекеттерде 45 шайлоо тилкеси иштеди. БШК 3 миллион 523 миң 532 кишиге добуш берүүгө укук берген. Бирок биометрикалык каттоодон өтпөй калган 437 миң жаран шайлоого катыша алган жок.

Кыргызстандын парламентинде 120 депутаттык мандат бар. Алар үчүн 2 миңдей талапкер 16 саясий партиянын катарында ат салышты.

Шайлоо мезгилинде саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине 668 млн 864 миң 906 сом которулуп, 668 млн 582 миң 779 сом сарпталды.

20 күн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы соңку жыйынтыкты чыгарышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM