Биз менен байланышыңыз

Тоолуу Карабахтын борборуна сокку урулду

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 346 | 0

Эл аралык коомчулуктун ок чыгарууну токтотуу боюнча чакырыктарына карабастан, Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабахтагы салгылашуусун улантууда.

2-октябрь күнү өзүн эгемен деп жарыялаган Тоолуу Карабахтын борбору Степанакертке сокку урулду. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары жазышууда.

Армиянын аскерлери бул сокку үчүн Азербайжанды күнөөлөп жатат. Ал эми Баку жарандык обьект менен жай тургундар болгон жерди атпай тургандарын айтып чыгышты.

Азербайжандын Тышкы иштер министри армян аскерлери калктуу пункттарга ок чыгарып жатканын маалымдады. Армения жай тургундарга карата ок чыгарбай турганын айтып жооп кылган.

Тоолуу Карабахта жаңжал башталгандан бери Азербайжандын 1 миң 280 аскери жок кылынып, 2700дөй аскери жаракат алганын Армениянын вице премьер-министри Тигран Авинян жазган. Бирок бул маалыматты Азербайжан ырастаган эмес.

Учурда эки өлкөгө жана Тоолуу Карабахта аскердик абал жарыяланып, абал оор бойдон калууда.

Copyright © 2017 Maral FM