Биз менен байланышыңыз

Армения менен Азербайжан дагы бир элдешүүнү макулдашты

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 485 | 0

Армения менен Азербайжандын Тышкы иштер министрлери Зохраб Мнацаканян жана Джейхун Байрамов Тоолуу Карабахта гуманитардык жарашуу боюнча макулдашышты. Ал бүгүн, 26-октябрда саат 20: 00дө күчүнө кирет. Бул тууралуу АКШ, Армения жана Азербайжандын биргелешкен билдирүүсүндө айтылды.

Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери АКШ мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Стивен Бигэндин катышуусунда макулдашууга кол коюшту. АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун айтымында, эки тарап элдешүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Бул — Тоолуу Карабах жаңжалына катышкан тараптардын элдешүүгө жасаган үчүнчү аракети. Мурунку ок атышпоо келишими күчүнө киргенден бир саат өтпөй бузулган.

Ошол эле учурда ЕККУнун Минск тобунун тең төрагалары (АКШ, Орусия, Франция) жана Армения менен Азербайжандын Тышкы иштер министрлери Тоолуу Карабах жаңжалы боюнча 29-октябрда Женевада жолугушууга макулдашышты. Анда Тоолуу Карабахтагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча зарыл чараларды талкуулоо жана алар боюнча келишим түзүү каралган.

Армениянын жана Азербайжандын жетекчилиги кабыл алган принциптерге ылайык бардык чараларды көрүү пландаштырылууда.

Copyright © 2017 Maral FM