Биз менен байланышыңыз

Түрк аскерлери Тоолуу Карабахка жөнөтүлүшү мүмкүн

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 451 | 0

«Биринчи күндөн тартып биздин президент өз позициясын билдирди. Түркия эч нерседен тартынбайт, биздин президент такыр тартынбайт», — деди Октай.

Мурдараак Түркия президентинин маалымат катчысы Ибрагим Калин Тоолуу Карабахка тынчтык орнотуунун шарттары жөнүндө айткан.

Анын айтымында, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабахтагы абалды жакшыртууну каалабайт. Карабах бошотулганда гана Түштүк Кавказга тынчтык жана туруктуулук орнойт.

«Урушту ким каалап жатканы түшүнүктүү. Бул Түркия менен Азербайжандын тууралыгын тастыктады», — деп жазган Калин.

Ошол эле учурда Армениянын президенти Армен Саркисян түрк жетекчилигин Карабахтагы урушту токтотуу үчүн талыкпай иштөөгө чакырды. Саркисян ошондой эле Түркияны аймактагы согуштук аракеттерге катышуудан баш тартууга чакырды. Ал белгилегендей, ушундан кийин жаңжалга катышкан тараптар сүйлөшүүлөр үстөлүнүн айланасында отурукташып, тынчтык жолу менен чечим табышат.

Copyright © 2017 Maral FM