Өзбекстанда сентябрь айында күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы жана тарифтер орточо 1,4% кымбаттады. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитети маалымдаган.
Маалыматка караганда, былтыр сентябрда баа орто эсеп менен 1,3% өскөн.
2020-жылы январь-сентябрь айларында керектөө рыногунда баа жана тарифтер орточо 6,3% кымбаттаган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 9,7% жогору.
Өзбекстандын Монополияга каршы комитети сентябрдын аягында айрым азык-түлүктөрдүн баасы кескин жогорулап кеткенин билдирди.
Маселен, суу май 30%, кумшекер 15%, жумуртка 30% кымбаттаган.
Быйыл тогуз ай ичинде өлкөгө 177 миң тонна суу май импорттолгон, бул былтыркыга салыштырмалуу 13% көп.