Биз менен байланышыңыз

Трамп менен жубайы коронавирус жуктуруп алды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Окт 2020 | 506 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп жана анын жубайы Меланья коронавирус жуктуруп алышты. Бул тууралуу америкалык лидер твиттердеги баракчасында маалымдады.

-Биринчи леди экөөбүз тапшырган тесттин жыйынтыгы коронавирус бар экендигин көрсөттү. Биз карантинге чыгып, эмделүү процессин баштайбыз. Бул абалдан чогуу өтөбүз,- дейт Трамп.

Буга чейин Трамп анын кеңешчиси Хоуп Хикстен коронавирус аныкталган соң, жубайы экөө коронавирусту аныктоочу тест тапшырганын жана жыйынтыгы чыкканча карантинде болорун маалымдаган болчу.

Бул арада дүйнө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын жалпы саны 34 миллиондон ашты, ал эми каза болгондор жалпы бир миллиондон ашык.

Copyright © 2017 Maral FM