Биз менен байланышыңыз

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Тоолуу Карабактагы кырдаалды талкуулайт 

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 253 | 0

Бүгүн БУУнун Коопсуздук Кеңеши Армения-Азербайжан чыр-чатактарындагы кырдаалды талкуулайт. Талкууну Улуу Британия, Германия, Франция, Эстония жана Бельгия суранганын РИА Новости өздүк булактарына шилтеме берип билдирди.

«Жолугушуу Сирия боюнча талкуудан кийин шейшемби күнү  болот», — дейт маалымат булак.

Эске салсак, 27-сентябрда Тоолуу Карабакта армян жана азербайжан аскер күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу болгон. Эки күнгө созулган кагылышууда 59 армян аскери жана эки карапайым адам курман болду. Жүздөгөн адамдар жаракат алган.

Азербайжандын Коргоо министрлиги кагылышуу учурунда Армения 550 аскерин жоготконун билдирди.

Армениянын Коргоо министрлиги бүгүн, 29-сентябрда 18 жаштан 55 жашка чейинки армян эркектерине өлкөдөн уруксатсыз чыгууга тыюу салды.

Copyright © 2017 Maral FM