Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандар 33 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 352 | 0

Дүйнө жүзүндө 33 миллиондон ашык киши коронавирус жуктуруп алган. Жонс Хопкинс университетинин бүгүн, 28-сентябрга карата жарыяланган эсеби боюнча, жалпы 33 млн 082 миң 994 адамга оору жуккан. Алардын ичинен 22 миллиондон ашыгы айыкты. Оорунун кесепетинен дээрлик 1 млн адам көз жумду.

Ал эми Америкада коронавирус жуккан адамдардын жалпы саны 7 миллиондон ашканы айтылган. Бул көрсөткүч менен АКШ дүйнөдө 1-орунда турат. 2-орундагы Индияда 6 млн, 3-орундагы Бразилияда 4,7 млн адамга коронавирус жукту.

Борбор Азия боюнча коронавирус көп катталгандардын башында 107 миңден ашык көрсөткүч менен Казакстан турат. Экинчи сапта Өзбекстан (55,5 миң), андан кийин 46 миң 355 адам менен Кыргызстан, кийинки сапта 9,6 миң көрсөткүч менен Тажикстан турат.

Copyright © 2017 Maral FM