Биз менен байланышыңыз

ДССУ: Коронавирустан каза болгондор миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2020 | 418 | 0

Дүйнө боюнча коронавирустун курмандыгы болгондор бир миллиондон ашты. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маалымдады.

Уюм айрым аймактардын статистикаларын аныктоо оор болгондуктан, так маалыматты айтып туруу кыйынга турарын кошумчалаган.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча Covid-19 диагнозу менен көз жумгандар 996 695 адам. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 33 миллионго жакын.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вируска каршы вакциналар эрте дегенде бир нече айда гана жеткиликтүү болорун, мындан улам, коронавирустук инфекциядан каза болгондордун саны 2 миллионго да жетиши мүмкүндүгүн айтты.

Учурда дүйнө боюнча бир нече лаборатория вируска каршы вакцина жасоо аракетинде. Алардын айрымдары калктын аз катмарына текшерип көрүү үчүн уруксат алышкан. Бирок 10 миңден ашык бейтапка байкоо жүргүзүүчү массалык тестирлөө фазасынан эч кайсы препарат өтө элек.

Copyright © 2017 Maral FM