Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанга Орусиядан 35 млн дозага чейин коронавирустук вакцина жеткирилет

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 480 | 0

Орусиянын Түз инвестициялар фонду (RDIF) жана LAXISAM фармацевтикалык компаниясы Өзбекстанга 35 миллион дозага чейин «Спутник V» вакцинасын жеткирүүгө макулдашты. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Өзбекстандын тиешелүү көзөмөлдөөчү органдары макулдугун бергенден кийин, ушул жылы вакцинанын 10 миллионго жакын дозасын, ал эми 2021-жылы 25 миллион дозасын бериши мүмкүн.

11-августта Орусиянын «Спутник V» деген аталышка ээ болгон коронавируска каршы вакцинасынын алгачкы партиясы жарандык колдонууга чыгарылган.

Вакцина 15-августтан тартып Николай Гамалея атындагы илимий борбордо жана «Биннофарм» компаниясында өндүрүлө баштаган. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинен каттоодон өтүп, дүйнөдөгү биринчи катталган коронавирус вакцинасы болгон.

Copyright © 2017 Maral FM