Биз менен байланышыңыз

32 миңден ашык жаран Кыргызстандын сыртында добуш берет

Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 367 | 0

Кыргызстандын чет жактарындагы шайлоочулардын саны 32 миң 580ди түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлады.

Быйыл парламенттик шайлоого катышуу үчүн өлкөнүн чет мамлекеттердеги жарандары үчүн 45 шайлоо тилкеси түзүлдү.

Орусиянын борбору Москва шаарында кыргызстандыктар көп болгондуктан дагы бир шайлоо тилкеси ачылары кабарланды. Буга чейин ал шаарда эки шайлоо тилкеси ачылган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Орусиянын аймагында 11 шайлоо тилкеси бекитилген. Даректери:

1 жана 2. № 9001 жана № 9005 шайлоо тилкелери – КРнын Москва шаарындагы Элчилигинде;

3. № 9002 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы кеңсесинде;

4. № 9003 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы Элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсесинде;

5. № 9004 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы Элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсесинде;

6. № 9006 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы элчилигинин Якутск шаарындагы кеңсесинде;

7. № 9007 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсесинде;

8. № 9009 шайлоо тилкеси — Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугунда;

9. № 9010 шайлоо тилкеси — Новосибирск шаарындагы КР Башкы консулдугунда;

10. № 9013 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы кеңсесинде;

11. № 9014 шайлоо тилкеси — КРнын РФдагы элчилигинин Сургут шаарындагы кеңсесинде.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM