Биз менен байланышыңыз

Эрдоган Греция гезитин сотко берди 

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 332 | 0

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын адвокаттары Грециянын Demokratiya гезитин өлкө президентин кемсинткен макала жарыялаганы үчүн сотко берди. Бул тууралуу Yeni Safak гезити жазып чыкты.

«Гезитте биздин президенттин урматына колдонулган сөздөр эң төмөнкү адеп-ахлактуулукту көрсөтөт», — деп айтылат соттун билдирүүсүндө.

18-сентябрда Demokratiya гезитинин биринчи бети түрк тилинде чоң тамгалар менен Эрдоганга карата акарат сөздөрдү жарыялады. Түрк тилин билбегендер үчүн бул сөздөрдүн англисче котормосу берилди.

Грециянын Анкарадагы элчиси Михаил-Христос Димессис жума күнү Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди. Ал ошондой эле кемсинтүүнү сөз эркиндиги менен актоого болбой тургандыгын баса белгиледи.

Греция өкмөтүнүн өкүлү Стелиос Петсас редакцияны айыптады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM