Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына онлайн катышат

Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 436 | 0

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайты кабарлады.

Бүгүн, 21-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгы өз ишин баштайт. Башкы Ассамблеянын биринчи иш-чарасы БУУнун түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган Жогорку деңгээлдеги жыйыны болот.

Бул иш-чарада Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт. Анын сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде көрсөтүлөт.

Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында ошондой эле жалпы дебаттар өтүп, 23-сентябрда кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт.

Мындан сырткары, 30-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик жыйынынын алкагында уюштурулган Биоартүрдүүлүк боюнча саммитинде да видео кайрылуу жасайт.

Коронавирус пандемиясына жана БУУга мүчө мамлекеттердеги жана Нью-Йорктогу учурдагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу, быйыл  Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында бардык иш-чаралар онлайн режимде өткөрүлөт.

Шавкат Мирзиёев БУУнун Башкы Ассамблеясында алгач ирет өзбек тилинде кайрылуу жасайт

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясында сөз сүйлөгөн. 2019-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясына тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM