БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайты кабарлады.
Бүгүн, 21-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгы өз ишин баштайт. Башкы Ассамблеянын биринчи иш-чарасы БУУнун түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган Жогорку деңгээлдеги жыйыны болот.
Бул иш-чарада Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт. Анын сөзү БУУнун штаб-квартирасында бүгүн кечинде көрсөтүлөт.
Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында ошондой эле жалпы дебаттар өтүп, 23-сентябрда кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков видео аркылуу кайрылуу жасайт.
Мындан сырткары, 30-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик жыйынынын алкагында уюштурулган Биоартүрдүүлүк боюнча саммитинде да видео кайрылуу жасайт.
Коронавирус пандемиясына жана БУУга мүчө мамлекеттердеги жана Нью-Йорктогу учурдагы карантиндик чектөөлөргө байланыштуу, быйыл Жогорку деңгээлдеги жумалыктын алкагында бардык иш-чаралар онлайн режимде өткөрүлөт.
Шавкат Мирзиёев БУУнун Башкы Ассамблеясында алгач ирет өзбек тилинде кайрылуу жасайт
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясында сөз сүйлөгөн. 2019-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясына тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков катышкан.