Биз менен байланышыңыз

Шавкат Мирзиёев БУУнун Башкы Ассамблеясында алгач ирет өзбек тилинде кайрылуу жасайт

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 437 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 23-сентябрда өтүүчү БУУнун Башкы Ассамблеясынын юбилейлик 75-сессиясынын жалпы дебаттарына катышат. Бул тууралуу өлкө башчысынын пресс катчысы маалымдады.

Өзбекстан тарыхында алгач ирет БУУда президент мамлекеттик тилде (өзбекче) сүйлөөрү күтүлүүдө.

Анда коңшу өлкөнүн президенти коомчулук арасында жергиликтүү жана глобалдык актуалдуу темаларды көтөрүп, ошондой эле Өзбекстанды саясий, социалдык жана экономикалык жактан оңдоонун артыкчылыктары көрсөтүлөт.

Быйылкы талкуудагы башкы теманы эске алуу менен, коронавирус пандемиясынын жайылышынын терс кесепеттери менен биргеликте күрөшүү маселеси көтөрүлөт.

Мирзиёев 2017-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын Нью-Йоркто өткөн 72-жыйынына катышкан. Анда президент орус тилинде сөз сүйлөгөн.

БУУнун тарыхында быйыл Башкы Ассамблеясынын иш-чаралары дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу алгач ирет видеоконференция форматында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM