Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда 19 жаштагы кыз үйлөнбөй койгон жигитинин унаасын өрттөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Сен 2020 | 899 | 0

Өзбекстандын Ташкент шаарында 19 жаштагы кыз жигитинин унаасын өрттөп жиберген. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып жергиликтүү басылмалар жазды. Унааны өрттөөгө жигиттин кызга «үйлөнөм» деп убада берип, сөзүнө турбай койгондугу себеп болгон.

19-сентябрда ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө калаанын 23 жаштагы тургунуна таандык Lacetti Jentra унаасы өрттөлгөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Териштирүү учурунда Ситора Г. аттуу жаран жабырлануучу менен бир нече убакыт бою жакын мамиледе болгондугу аныкталды. Жигити ага келечекте үйлөнөм деп убада берген, бирок айткан сөзүнө турган эмес. Ызаланган кыз жигиттин унаасынын ичине жана сыртына бензин куюп, андан соң өрттөп жиберген.

Copyright © 2017 Maral FM