Биз менен байланышыңыз

21-сентябрда тоо этектеринде үшүк жүрөт

Кыска кабар | 20 Сен 2020 | 670 | 0
Автор: Зефер Динжер

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 21-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде үшүк жүрүшү ыктымал. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурларда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31 градус;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22;

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22;

Бишкекте 21-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +10…+12, күндүз +25…+27 градус жылуу болот.

Copyright © 2017 Maral FM