Биз менен байланышыңыз

Сутка ичинде 69 адам коронавирустан айыкты

Кыска кабар | 19 Сен 2020 | 311 | 0

Кыргызстанда сутка ичинде 69 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 8, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 10, Нарын облусунда – 2, Талас облусунда -6, Ысык-Көл облусунда –5, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда — 16 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 41 миң 484кө жетти.

Copyright © 2017 Maral FM