Биз менен байланышыңыз

ЕККУ Беларусиядагы мыйзам бузууларды иликтейт

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 278 | 0

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Беларусиядагы президенттик шайлоо учурунда адам укуктарынын бузулушун иликтөө үчүн атайын топ дайындады. Бул тууралуу ВВС билдирди.

Европарламент колдогон оппозиция Александр Лукашенконун жеңишин тааныбайт жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмаланды деп эсептейт.

Өлкөдө бир айдан ашуун убакыттан бери көптөгөн нааразычылыктар басыла элек, алардын катышуучулары камакка алынган.

Лукашенконун оппоненттери массалык токмоктоо жана кыйноолор жөнүндө дагы сөз кылышууда.

Лукашенко бейшембиде өлкөнүн Батыш өлкөлөрү менен болгон чек араларын жаап, Украина менен чек арасын бекемдеп жаткандыгын билдирди.

Бирок кечинде Литва менен Польшанын өкүлдөрү чек ара бекеттери мурдагыдай эле иштеп жаткандыгын кабарлашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM