Биз менен байланышыңыз

Навальный Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2020 | 703 | 0

Орусиялык саясатчы Алексей Навальный Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Нью-Жерсидеги Ратгерс университетинин профессору, орус окумуштуусу Сергей Ерофеев билдирди.

Ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына: «Орусиянын белгилүү университеттеринин бир катар окутуучулары Алексей Навальныйды Нобель сыйлыгына талапкер катары көрсөтүштү», — деп жазган.

Сергей Ерофеевдин айтымында, Алексей Навальныйды колдогон илимпоздордун арасында алгач анын ишине терс көз караш менен караган, андан кийин пикирин өзгөрткөн окумуштуулар болгон.

Ерофеев Дождь телеканалына аны сыйлыкка көрсөткөндөрдүн арасында «чоң адамдар» бар экендигин айтты.

Нобель фондунун уставына ылайык, кайсы бир мамлекеттин парламентинин жана өкмөтүнүн мүчөлөрү, эл аралык соттордун өкүлдөрү, университеттердин ректорлору, коомдук илимдер, тарых, философия, укук жана теология илимдеринин профессорлору, изилдөө институттарынын директорлору, Нобель сыйлыгынын лауреаттары, сыйлык алган уюмдардын кеңешинин мүчөлөрү же Нобель комитетинин мүчөлөрү жана кеңешчилери Нобель сыйлыгына талапкер көрсөтө алышат.

Маалымат үчүн айта кетсек, ушул убакка чейин Орусиянын жарандары Нобель сыйлыгын ала элек. СССР учурунда Андрей Сахаров (1975) жана Михаил Горбачев (1990) сыйланышкан.

Алексей Навальный 22-августтан бери Берлиндеги «Шарите» клиникасында жатат. Ал 20-августтан 7-сентябрга чейин комада болгон. Германиянын өкмөтү анын Орусияда «Новичок» тибиндеги зат менен ууланганын билдирүүдө.

Орусиялык дарыгерлердин айтымында, Омск шаарында саясатчыга жасалган анализдерде уу бар экендиги байкалган жок, ал эми өкмөт Германиядан саясатчынын анализинин үлгүлөрүн сурап жатат.

17-сентябрда Европа Парламенти Навальныйдын ууландырылышына байланыштуу Орусияга катуу санкциялар киргизилген резолюция кабыл алган.

Эске салсак, буга чейин Нобель сыйлыгына  АКШнын президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM